БЕРГ
БЕРГ Лев Семёнович [2(14).3.1876, Молдова, Бендеры – 24.12.1950, Ленинград)] – физ. географ, биолог, СССР ИАнын академиги (1946; корр. мүчө, 1928). РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишме-

ри (1934). Дүйнөгө белгилүү илимпоз энциклопедиячы. 1898-ж. Мос к в а у н-т и н бүтүргөн. 1916-жылдан Петербург ун-тинин физ. геогр. кафедрасында проф., 1940– 50-ж. СССР география коомунун президенти. Лимнология, климатология, геоморфология, топурактаануу, палеогеография, ихтиология, география теориясы м-н тарыхы ж. б. илим тармактары б-ча 700дөн ашык эмгек жазган. Б. ландшафттаанууга негиз салып, В. В. Докучаевдин табигый зоналар ж-дөгү идеясын өнүктүргөн. Батыш Сибирь көлдөрүн, Балкаш, Ысыккөл, Севан, Арал деңизи, Ладога көлдөрүн ж. б. изилдөөлөрү м-н лимнология илимине салым кошкон. Б. Кыргнда 4 жолу (1903, 1906, 1928, 1930) болуп, Ысыккөлдүн жаратылышын, климатын, гидрологиясын, өзгөчө балыктарын, Түркстан кыркатоосунун мөңгүлөрүн изилдеген. Ал башкарган экспедициялар Ысыккөлдүн тереңдигин (эң тереңи 668 м, орт. тереңдиги 279 м), рельефин, термиясын, суу көлөмүн (1731 км3), анын тоңбоо себебин ж. б. кубулуштарын аныктаган, көлдүн батиметриялык 1-картасын түзгөн. Балыктары эндемиктер болгондуктан, Ысыккөлдү жеке ихтиологиялык бөлүк деп караган. Анын сунушу б-ча Ысыккөлгө, Кырг-ндын башка сууларына жаян (сом), каңылтыр (тыран) ж. б. коё берилген. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1951), 2 орден, 2 медаль м-н сыйланган.
Эмг.: Избранные труды. Т. 1–5, М. 1956–1962. <ParaBr>Ад.: Памяти академика Л. С. Берга. М.; Л., 1955; «Изв. Кирг. филиала Всесоюзн. геогр. общества». 1963, в. 4 (выпуск посвящен акад. Л. С. Бергу).