БЕРГЕН
БЕ́РГЕН – Норвегиянын батышындагы шаар, Хордаланн фюлькесинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 237 миң (2004); калкынын саны боюнча Ослодон кийинки 2-шаар. Түндүк деңизинин жээгиндеги ири порт. Тоңбогон Бюфьорддун жээгинде жайгашкан. Осло шаары м-н темир жол аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1070-жыл чамасында негизделген. 1100-жылы бург (сепил) курулуп, Норвегия королдугунун маанилүү саясий борборуна айланган. Өзгөчө мүнөздөгү чатырлары, короолору ж-а галереялары бар кампа-үйлөр сакталган. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. 1350-жылы Түндүк Европанын ири соода борборунун бири. Хакон Vнин король залы ж-а Розенкранц мунарасы (16-кылым), Ыйык Мария базиликасы (12-кылымдын башы), ренессанс стилиндеги Ыйык Крест чиркөөсү бар. Учурда бул курулуштун бир азы (1702-,1855-жылдардагы өрттөн кийин) гана калган. Шаар 19-кылымдын орто ченинен эклектика стилинде курула баштаган. Коло эстеликтер (музыканттарга, жазуучуларга тургузулган) көп. Деңиз изилдөө институту (1900), университет (1946), университеттик коллеж (1994), экономика, бизнес-административдик (1936) жогорку мектеби, консерватория, музейлер, театрлар, филармония бар. Жыл сайын музыкалык фестивалдар өткөрүлүп турат. Нефть ажыратуу (жакшы өнүккөн), нефть-химия, балык иштетүүчү, кеме куруу, металлургия, электроника, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары бар. Фортепиано жасоочу фабрика (1896) иштейт.