БЕРГМАН
БЕ́РГМАН Ингмар (14. 7. 1918-жылы туулган, Швеция, Упсала) – швед кино жана театр режиссёру, сценарист. 1944-жылы Хельсинборг шаардык театрда режиссёр. 1959-жылдан Стокгольмдогу драма театрында башкы режиссёр, директор. Кино ишмердиги 1943-жылдан башталган. 1963–1966-жылдары Стокгольмдогу королдук драма театрында жана Мюнхендеги Резиденцтеатрда башкы режиссёр. Белгилүү фильмдери: «Жайкы түндүн ажары» (1955), «Бүлдүркөн талаасы» (1957), «Бет» (1958),

«Булак» (1959). Анын гуманисттик багыттагы, татаал, терең мазмундуу фильмдерине «Жетинчи мөөр» (1957), «Персона» (1966), «Шыбыроо жана өкүрүк» (1972) кирет. Ал фильмдеринин сценарийин көбүнчө өзү жазган. «Күз сонатасы» (1978), «Фанни жана Александр» (1983) фильмдери өзгөчө баага татыйт. Бергмандын көптөгөн фильмдери эл аралык кино фестивалдарда сыйлык алган.
А. Пазылов.