БЕРДАХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРДАХ (ылакап аты; чын аты-жөнү – Бер­димурат Каргабай уулу; 1827–1900) – каракалпак акыны. Ал – лирикалык, сатира­лык, дидактикалык ырлар­дын, «Санжыра», «Айдос бий», «Амангелди», «Ерна­зар бий» деген тарыхый поэ­малардын автору. Зулум хандын эзүүсүнө каршы эл­дин күрөшүн чагылдырган «Акмак падыша» поэма-жо­могу каракалпак адабиятынын эң жогорку үлгүлөрүнөн. Анда Хива хандыгынын эзүүсүнөн жапа чеккен карапайым букаранын кайгы-муңун көрсөтөт. Бердахтын чыгармалары эл арасына оозеки түрдө таралган. Араб жазуусу менен жазылган айрым ырлары сакталган.