БЕРИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РИНГ Витус Ионассен (Иван Иванович) (12.8.1681, Дания, Хорсенсе – 8.12.1741, азыр­кы Беринг а.) – орус деңиз саякатчысы. Россия флотунун капитан-командору (1730). Даниялык. 1703-ж. Россия аскер-деңиз флотуна кызматка

чакырылган. 1724-ж. чейин Балтика ж-а Азов флотто­рунда кызмат өтөгөн. Пёрт Iнин буйругу м-н Орус фло­тунун 1-рангдагы капитаны кызматына (1724) алын­ган. 1725-ж. Азия ж-а Аме­риканын аралыгында мой­нок же кысык бар экенин далилдөө үчүн уюшулган 1- Камчатка экспедициясынын башчылыгына дайындалган. Экспедиция Кам­чатканы ж-а Чукотканы жээктей сүзүп, кысык­тан өтөт да (кийин ал Б-дин ысмы м-н атал­ган), бирок тумандан жер көрүнбөгөндүктөн, кысыктын бар же жок экенин аныктай алган эмес. Бул сапарында 67°18' түш. кеңдикке чейин жеткен. 1732-ж. 2-Камчатка экспедициясын баш­карып, Түн. Америкага жетип, бир нече аралды ж-а Алеут жалчасын ачкан. Изилдөөлөрү м-н чийген карталарынын негизинде 30дан ашык ил. эмгеги жарык көргөн. Кайтып келатып, кыш­таган аралда (кийин анын ысмы м-н аталган) каза болгон. Б-дин аты м-н Тынч океандагы деңиз, Түш. Аляскадагы мөңгү ж. б. аталган.

Ад.: Берг Л. С. Открытие Камчатки и экспедиции Беринга. 1725–1742. 3-е изд. М.; Л., 1946; Пасецкий В. М. Витус Беринг. М., 1982.