БЕНЗОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:00, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗОЛ́Л , С6Н5 – ароматтык углеводороддордун эң жөнөкөй өкүлү. Мүнөздүү жыты бар, тез буулануучу түссүз суюктук, эрүү

Б. суу м-н азеотроптук ара-

лашманы берет. Эгерде Б-дун ядросунда бир суу­тек атому башка атомго же атом топторуна орун алмашкан болсо, кийинки орун алмашуучу атом же атом топтору ядродогу атом же атом топто­рунун табиятына жараша орто, пара же мета абалына багытталат. Б-дун ядросу окистенүү реакциясына туруктуу. Жогорку темп-рада V2O5тин таасири астында кычкылтек м-н мале­ин к-тасына чейин окистенет. Б. кокс газынан, кокс чайырынан ж-а катализатордун катышуу­сунда алифат бирикмелерди дегидрлөөдөн алы­нат. Б. – хим. өнөржайы үчүн эң маанилүү зат. Боёк өндүрүү өнөржайында, дары-дармек алуу­да аралык зат, лак өндүрүүдө эриткич катары колдонулат. Б-дун буусу борб. нерв системасы­на таасир тийгизет. Б. м-н узак убакытка иштөөгө туура келсе, кан курамынын өзгөрү­шүнө алып келет.

Ад.: Нейлонд О. Я. Органическая химия. М., 1990.


Ж. Медетбекова.