БЕРКЛИЙ
БЕ́РКЛИЙ (лат. Berkelium), Bk – актиноиддерге кирүүчү радиоактивдүү элемент. Катар номери 97, бир нече изотобу белгилүү. Берклийди 1949-жылы америкалык окумуштуулар С. Томпсон, А. Гиорсо, Г. Сиборг америций элементин a-бөлүкчөлөрү м-н нурлантуудан алышкан. Беркли шаарында (АКШ) ачылгандыктан, Берклий аталган. Туруктураак изотобу 247Вk. Күмүш түспөл металл, балкып эрүү t 986°C; бирикмелеринде 3,4 валенттүү, к. Актиноиддер.