БЕРН
БЕРН – Швейцариянын борбор шаары (1848- жылдан), Берн кантонунун (административдик-айммактык бирдик) административдик борбору. Ааре дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 123 миң (2005, чет-жакасы менен 300 миң). Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (анын ичинен электр-техникалык, прибор куруу), химия.-фармацевтика, кийим тигүү, полиграфия, тамак-аш (анын ичинен шоколад) өнөр жайы иштейт.

Туризм борбору, XX кылымдын башында орус революциялык эмиграция борборунун бири болгон. Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун бюросу, Эл аралык теле байланыш союзу жана башка эл аралык уюмдар иштейт. Швейцария, Альп, Почта, Тарыхый, Көркөм жана башка музейлери; обсерватория, ботаникалык бак бар. 1191-жылы негизделген. 1218-жылы империялык Эркин шаар статусуна ээ болуп, 1353-жылы Швейцария Конфедерациясына кирген. Орто кылымдагы чептер (XV кылым), готика стилиндеги Санкт-Винценц собору (1421–1588), ратуша (1406–1417), архитектуралык
эстеликтер сакталган.