БЕРНЕС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:44, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРНЕ́С (өз фамилиясы Нейман) Марк Наумович – [8(21). 9. 1911, Чернигов губерниясы, Нежин шаары – 17. 8. 1969, Москва] – орус актёру, эстрада ырчысы, РСФСР эл артисти (1965). Харьковдо театр курсун бүткөн. Харьков, Москва театрларында иште­ген. Кинодо 1937-жылдан («Шахтёрлор», «Мыл­тыкчан киши», «Чоң өмүр», «Истребителдер»).

М. Н. Бернес «Эки жоокер» фильмин­де. 1943.

Аткарган ролдорундагы адамдардын карама-­каршылыктуу сапаттары, жөнөкөйлүк, ыр жана тамаша Бернести мезгилдин белгилүү актёру ка­тары тааныткан. Согуш мезгилиндеги элдин баа­тырдык образын «Эки жоокер» (1943) фильмин­де ачып берген. Умар Магометтин («Москвадан алыс», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951), Косаревдин («Тарас Шевченко»), Караваевдин («Женя, Же­нечка жана “катюша”») жана башка курч мүнөздөгү образдарды түзгөн. 1943-жылдан эстрада ырчы­сы. Э. Колмановскийдин «Өмүр, мен сени сүйөм», Я. Френкелдин «Турналар» жана башка ырлар анын аткаруусунда эл арасында кеңири тараган.