БЕРТОЛЛЕТ ТУЗУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 3 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРТО́ЛЛЕТ ТУЗУ , х л о р д у у к ы ч к ы л к а л и й, KСlO3 – түссүз, тунук кристалл; сууда эрийт; органикалык заттар м-н аралаштырып сүргөндө күйөт ж-а жарылат. Ал канды ажыратуучу өтө уулуу зат. Кан гемоглобинин метгемоглобинге өткөрүп, кызыл кан денечелеринен тромбдорду пайда кылат. Аны м-н ууланганда дем алуу органдары иштебей калат. Медицинада стома­тит болгондо, кариести алдын алууда оозду чай­коо үчүн колдонулат. Алгач франциялык химик И. Л. Бер­толле бөлүп алган.