БЕТ КЕП (м а с к а)
БЕТ КЕП , м а с к а – көргө коюлган адамдын бет жапкычы. Ал чоподон, гипстен, алтындан жасалган. 1958-жылы Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн (IV–V кылымдарга таандык) жука тактайдан жасалган, төрт бурчу жез зым менен бекитилген

табытта башы батышты каратылып, чалкасынан жаткырылган аялдын сөөгү табылган. Анын бети алтындан жасалып, көзүнө акак чөгөрүлгөн каңылтыр Бет кеп менен жабылган. Кийин буга окшогон Бет кептер Алайдагы Жалпак-Дөбөдөн, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн табылган. Кара деңиз, Волга боюнан, Енисейден, Казакстандан жана Орто Азиянын башка аймактарынан кездешиши алардын ортосунда (IV–V кылымдарда) тарыхый-маданий байланыштын болгондугун айгинелейт.