БЕТТИК НАТЫЙЖА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК НАТЫЙЖА , с к и н-э ф ф е к т – өзгөрмө электр тогунун ж-а аны м-н байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туу­расынан кесилиши б-ча тегиз эмес бөлүштүрү­лүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизи­нен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скин­катмарда) агып өтөт ж-а тереңинде дээрлик өт­пөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борб. бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зым­дын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материал­дын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү


көбөйгөн сайын жогорулайт. Б. н. турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүч­түн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет.