БИЙ АЛМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙАЛМА , б и х и (Cydonia) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийикт. 1,5–7 мдей. Калың шактуу, жалбырагы жазы, жумуртка сымал, гүлү чоң, жалгыздан, тамыры жерге те­рең кирип өсөт, жылуу, нымдуу жерде жакшы

өсүүчү дарак өсүмдүк. Бир түрү – кадимки Б. Европа, Түн. Америка, Японияда ж-а Кырг-н­дын түштүгүндө жапыз дарак же бадал сыяк­туу өсөт. Саргыч, аң­кыган жыттуу мөмөсү октябрь–ноябрда бы­шат. Мөмөсү алмага ок­шош, андан кыя м, мөмө-жемиш килкилдеги жасалат. Б. – алмурут м-н кыйыштырылат ж-а кооздук үчүн өстүрүлөт.