БЕТТИН САПАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИН САПАТЫ м а ш и н а т е т и к т е р и­н и н – беттик катмардын физ-хим. касиетте­ринин ж-а беттин геом. касиеттерин аныктоочу комплекстүү көрсөткүч. Ал макрогеометрия (бет­тин чоң бөлүгүндө формасынын четтөөсү – иш­тетүү тактыгы), беттин бодурлугу, толкундуу­лугу (толкун арымынын бийиктигине болгон ка­тышы 50–1000, б. а. бодурлукка караганда бир топ эсе чоң), беттик катмардын абалы (анын физ.-мех. ж-а хим. касиеттери – согуп-чыңоо, калдык чыңалуу, микрокатуулук, фазалык ку­рам ж. б.) м-н мүнөздөлөт. Анын мүнөздөмөсү машина тетиктерин пайдаланууга, а. а. жеши­лүүгө, дат басууга, титирөөгө, туруктуулугуна, чарчоо каршылыгына, тийишүү катуулугуна, бириктирүүнүн жылчыксыздыгына ж-а бекемди­гине, каптоонун бышыктыгына ж. б. олуттуу таасир тийгизет.