БИОГЕОЦЕНОЛОГИЯ
БИОГЕОЦЕНОЛО́ГИЯ (био…, гео… гр. koinos – жалпы, ...логия) – биогеоценоздордун пайда болушун, калыптанышын, функциясын ж-а өнүгүү законченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим. Бул илимдин негизги максаты – адамдын (коомчулуктун) чарбалык-экон. керектөөсүн канааттандырууда, жаратылыштын законченемдүүлүктөрүн эске алуу м-н ил. негизде иш жүргүзүү. О. эле, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, токой, а. ч. ж-а суу чарба маселелерин чечүүдө мааниси чоң.