БЕШ-МОЙНОК
БЕШМОЙНОК – Жалалабат обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Барпы айыл өкмөтүнө караштуу. Чаңгетсай суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 790 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 21 км чыгыш тарапта. Жалалабат темиржол бекетинен 13 км. Калкы 1066 (2002); негизинен тамекичиликте ж-а пахтачылыкта эмгектенет.