БЕШ-ТАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ – Талас р-нундагы суу, Талас д-нын сол куймасы. Уз. 54 км, алабынын аянты 314 км2. Талас Алатоосунун борб. бөлүгүндөгү Бешташ ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Бешташ капчыгайы аркылуу түн.-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орт. чыгымы 3,55 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы – 55,4 м3/сек, эң азы – 0,37 м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жал­пы уз. 192 кмге жеткен 88 куймасы бар. Эң ири­лери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюк­төр, Коргоншанык (сол), Корумду, Кыркколот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 км2 келген 7 тоо көлү бар; эң ириси – Беш­таш көлү. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Ко­зучак, Балбал, Хивинка кыш. жайгашкан.