БЕШТАШ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ АШУУСУ Талас Алатоосунун түн.- чыгышында, Бешташ өрөөнүндөгү Коргоншанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Бийикт. 3578 м. Шанык (3533 м), Коргоншанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары деңиз деңг. 3969 мге чейин көтөрүлөт. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранит­диорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан анде­зит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948–50-ж. Талас ж-а Токтогул р-ндорун байла­ныштыруучу автомобиль жолу салынган. Экин­чи «койжол» Түш. Бешташтын төрүнөн чыгыш­ты көздөй этектеп, Акталаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым ж-а Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.