БЕШТАШ КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ КӨЛҮ – Талас Алатоосунун түн. кап­талындагы Бешташ капчыгайында деңиз деңг. 3008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км2, орт. тереңдиги 13 м, эң терең жери 28 м. Уз. 1200 м, туурасы эң жазы жеринде 600– 700 м. Суунун көлөмү 6,6 млн м3. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда бол­гон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь–июлда деңгээли 1–2 мге че­йин көтөрүлүп, сентябрь–майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жи-


лингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Бешташ суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, ай­рыкча андан төмөнүрөөк, Бешташ суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ланд­шафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.