БЕШ-ТАШ ТУФ-ЛАВА КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ ТУФ-ЛА́ВА КЕНИВА Талас районунда, Талас шаарынан 25 км түштүк тарапта, Беш-Таш кап­чыгайынын ортоңку бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1900– 2400 м бийиктикте. 1972–73-жылдарда геологиялык издөө жу­муштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын брахиан­тиклиналдын борборунда жаткан яшма сымал, ачык түстүү туф-лавасы түзөт. Кооз таштар– липарит курамындагы туф, кээде туфит ж-а туф­лавасы. Калыңдыгы 20–30 см, чанда 1,5 мге че­йинки кабатчалар түрүндө. Өңү негизинен ачык жашыл, анда-санда күрөң, кызгылт күрөң, агыш боз, ак, кызгылт боз, каралжын боз. Алар кезектешип жайгашкан. Таш өтө морт, кооз көрүнөт. Болжолдуу ресурсу 600 миң м3. Таш­тан мозаикалык кооз буюмдарды жасоого бо­лот. Ал эми майда сыныктары көркөмдүк үчүн бетонго кошмо катары пайдаланууга жарактуу.