БИ-БИ-СИ
БИ-БИ-СИ (ВВС – British Broadcasting Corporation – Бритиш Бродкастинг Корпорейшн) – дүйнөлүк радио уктуруу корпорациясы.1927-жылы Лондондо негизделип, Англия Өкмөтүнүн контролунда турат. Эл аралык маанидеги ири жана кеңири белгилүү бул корпорациянын иш-аракеттерине Улуу Британиянын королевасы тарабынан дайындалган Тескөөчү кеңеш жетекчилик жүргүзөт. Жалпы ишмердиги адегенде Англиянын Почталар министрлиги менен түзүлгөн эки тараптуу өз ара келишимдин негизинде башталган. Алгач өз берүүлөрүн жергиликтүү угуучуларга гана багыттап келсе, 1932-жылдан ал маалыматтарды чет өлкөлүк англис тилдүү мамлекеттерге да (Америка Кошмо Штаттары, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, колониялык өлкөлөр жана башкалар) жайылткан. 1936-жылдан теле көрсөтүүлөрдү да жүзөгө ашырган. XX кылымдын экинчи жарымында Би-Би- Си өз радио берүүлөрүн Советтер Союзу жана башка социалисттик өлкөлөргө өз элдеринин тилинде уктурган. 1965-жылы анын карамагында 16 миңге жакын адам иштеп, уктуруулары дүйнөнүн 35 тилинде жүргүзүлгөн болсо, азыр анда 20 миңге жакын кызматкерлер эмгектенип, берүүлөр 42 тилде 150 млндон ашык радио угуучуларды тейлейт. Би- Би-Синин Кыргыз кызматы расмий түрдө 1995-жылы Лондондо Борбдук Азия жана Кавказ секциясынын курамында ачылып, күн сайын жарым сааттык берүүлөрү кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. Бишкектеги Би-Би-Синин офиси 2005-жылы март айында ачылып, анда кыргыз журналисттери эмгектенет.
Т. Ишемкулов.