БИБЛИЯ
БИ́БЛИЯ (грекче biblia – китеп) – иудаизм жана христиан дининдеги «ыйык» китептердин жыйнагы; байыркы замандан калган жазма эстелик. Библия иудаизм жана христиан дининдегилер тааныган «Көөнө осуят» жана христиандар тарабынан толукталып, алар үчүн ыйык деп эсептелген «Жаңы осуяттан» турат. Бул аталыштын артында Кудай тарабынан бир эл (еврейлер) менен түзүлгөн «осуят» (биримдик, келишим), Иисус Христостун келиши менен бардык элдер менен түзүлгөн «Жаңы осуятка» алмашылган деген христиандык түшүнүк жатат. Ислам «Көөнө осуятты» (арабча Таурат – Торат) да, «Жаңы осуятты» (арабча Инжил – Евангелие) да кабыл албагандыгына карабастан, негизинен алардын ыйыктыгын тааныйт жана Библиянын каармандары тууралуу (мисалы, Ибрахим, башкача айтканда, Авраам, Иусуф, башкача айтканда, Иосиф, Иса, башкача айтканда, Иисус) Куранда да айтылган. «Көөнө осуят» биздин заманга чейинки XII–II кылымдарга таандык байыркы еврей тилинде, тактап айтканда арамей тилинде жазылган байыркы еврей адабият булактарынан турат. Ал үч ири бөлүктү камтыйт: Моисей пайгамбарга таандык эсептелген – Тора же Беш китеп; 2) Пайгамбарлар – биздин заманга чейинки VIII–V кылымдарга таандык Исайе, Иеремий, Иезекиил жана 12 «кичи пайгамбарларга», ошондой эле биздин заманга чейинки II кылымга таандык Даниилдин китеби деп эсептелген бир нече байыркы хроникалар жана пайгамбарлардын өздөрүнүн үгүт-насыяттары; 3) Жазмалар же Агиографтар – түрдүү поэзия жана проза жанрларындагы (диний маанайдагы лирика, афоризмдер жыйнагы, үгүт-насыят чыгармалары, хроникалык тексттер) чыгармалардын жыйнагы. «Жаңы осуят» биздин замандын I кылымынын экинчи жарымы – II кылымга таандык, негизинен грек тилинде жазылган христиан адабий булактарынан [төрт Инжил (Евангелия), башкача айтканда, Христостун окуусу жана өмүрү тууралуу, шакирттеринин (апостолдор) иштери, апостолдордун – Павел, Пётр, Иоанн, Иаков, Иуданын (Искариот эмес!) 21 кайрылуу каттары жана Иоанн Богословдун аяны же Апокалипсис] турат. Библия толугу менен 300дөн ашык, ал эми «Жаңы осуят» 800гө жакын дүйнө тилдерине которулган.
Т. Өмүрова.