БИДСТРУП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́ДСТРУП Херлуф (10. 9. 1912, Берлин–1988) – даниялык сүрөтчү-карикатурист. Копенгагенде­ги сүрөтчүлөр академиясында окуган (1931–1935).

Х. Бидструп Кыр­гыз ССР эл сүрөт-чүсү Т.Сыдыков менен.

Адегенде турмуш-тиричилик темасындагы юмор­дук жана сатиралуу сүрөттөрдү, 1940-жылдан сая­сий карикатураларды тарта баштаган. Анын сүрөттөрүнүн сериялары Данияда, чет өлкөлөр­дө, ошондой эле СССРде да бир нече жолу өз алдынча альбом болуп басылып чыккан.

Аялдар согушка каршы.

Кыргызстанга ке­лип, көп кызыктуу сүрөттөрдү тартып кеткен. Бидструп – «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаган­дыгы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреа­ты (1964). СССР сүрөтчүлөр академиясынын ар­дактуу мүчөсү (1973).