БИЙСК
БИЙСК – Россиядагы шаар. Алтай крайынын түштүк-чыгышында. Бия районунун борбору. Калкы 227,6 миң (2005). Бия дарыясындагы порт. Шаар аркылуу Новосибирск – Ташанта (Чүй тракты) автомобиль жолу өтөт. Темир жол бекети. Аэропорту бар. 1708–09-жылдары Бикутан абагы катары негизделген. 1915-жылы Бийск Транссибирь магистралына темир жол аркылуу кошулган. Педагогикалык институт, университет, техникалык университет, драма театры бар. Алтай крайындагы өнөр жайдын өнүгүшүнүн көлөмү боюнча 2-шаар. Бийск казан заводу (Россиядагы кичи ж-а орто кубаттуулуктагы казандарды чыгаруучу ири ишкана), «Алтай витаминдери» (крайдагы эң ири фармацевтика ишканасы), айнек пластика заводу, фанера-ширеңке комбинаты, тигүү фабрикасы иштейт.