БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ
БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү, Какшаал кыркатоосунун түн. капталында. Акшыйрак суусунун алабында жайгашкан. Уз. 4,2 км, аянты 4,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4615 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Ал өрөөндүн оң капталынан орун алып, оң тарабынан каптал морена, төмөн жагынан этек морена жалчалары м-н торолгон. «Тили» бузулган мөңгүлөр м-н татаалданган. Мөңгүдөн Бикиртиктин оң куймасы – Сарытөр суусу башталат.