БИЛДИРГИЧ
БИЛДИРГИЧ , д а т ч и к, а л г а ч к ы ө з г ө р тк ү ч – текшерилүүчү чоңдукту (басым, темп-ра, жыштык, ылдамдык, которулуш, чыңалуу, ток ж. б.) өлчөөгө, берүүгө, өзгөртүүгө, сактоого, каттоого ыңгайлуу сигналга айландыруучу өзгөрткүч. Чыгыш сигналдары: энергиянын теги б-ча электрдик, пневматикалык, гидравликалык; энергия агымынын модуляциясынын мүнөзү б-ча амплитудалык (чыңалуу, ток, газ басымы ж. б.), убакыт импульстук, жыштык, фазалык ж-а дискреттүү (цифралык) болуп бөлүнөт. Эң жөнөкөй Б. бир гана сезгич элементтен (термопара, тензо билдиргич, каршылык термометри ж. б.), татаал Б. өзгөрткүчтөрү каскаддуу, дифференциалдык, компенсациялоочу схема б-ча кошулган бир нече элементтен ту рат . Ав томатт ык т екшерүү ж-а жөндөө системасындагы башка элементтерге салыштырганда Б. эксплуатациялык эң оор шартта – темп-ра ж-а басым кескин өзгөргөндө ж. б. колдонулат.