БИЛДИРМЕ
БИЛДИРМЕ – спорттук мелдешке спортчулар ж-а коллективдердин катышуусу ж-дөгү маалымдоо. Б. кайсы коллективдин спортчуларынын же коллективинин өкүлдөрүнүн атынан түзүлгөнү, спортчунун аты-жөнү, туулган жылы, спорттук даражалары, врачтын мелдешке катышуусуна уруксаты көрсөтүлөт. Б-нин кайсы мезгилде жазылганы ж-а ким тарабынан бекитилгени көрсөтүлүп, жетекчинин ж-а врачтын колу коюлат. Б. кайсы мөөнөттө тапшырылышы керек экени (датасы) атайын түзүлгөн мелдештин жобосунда жазылат. Калыстар тобуна же мелдешти уюштуруучу уюмга Б-ни убагында тапшырбаса, ал мелдешке катышпайт.