БИЛИМ
БИЛИМ – адамдын аң-сезиминдеги коомдун ж-а жаратылыштын көрүнүштөрү тууралуу алынган ишенимдүү маалыматтардын жыйындысы. Б.– таанып-билүү м-н тыгыз байланыштуу ж-а анын натыйжасы. Педагогикада Б. эки мааниде түшүндүрүлөт: 1) адам тарабынан кабыл алынуучу, сезилүүчү, түшүнүлүүчү ж-а анын оюнда сакталып калуучу маалымат; 2) улам жаңы маалыматты кабылдап, аны өздөштүрүү үчүн пайдаланылуучу каражат, курал. Демек Б. түшүнүгү пед. процессте эки жактуу (маалымат ж-а каражат) мааниде кабыл алынат. Окутуу кандай гана формада уюштурулбасын, окуучунун жаңы материалды өздөштүрүшү үч этапта ишке ашырылат. 1-этапта окуучу үйрөнүүчү маалыматты аң-сезимдүү кабыл алып, эсине сактайт. 2-этапта окуучу жаңы кабыл алынган Б-ди көрсөтүлгөн үлгү б-ча же ал үлгүнүн башкача в ариант ында пай дал ану у ну н ык мал арын өздөштүрөт. 3-этапта окуучу өзүнүн мурунку этаптарда өздөштүргөн Б-ин жаңы, өзүнө тааныш эмес абалда, чыг-лыктуу пайдалана билүүгө даяр болот. Ошентип, окуу материалын өздөштүрүү – материалды аң-сезимдүү кабылдап эстеп калуудан, аны көрсөтүлгөн үлгү б-ча ж-а тааныш эмес ар кандай жаңы абалда пайдалануудан турат. Тиешелүү түрдө бул этаптарда материалды өздөштүрүүнүн үч деңгээли камсыз кылынат. Окутуу процесси үчүн материалды өздөштүрүүнүн 1- ж-а 2-деңгээлдеринин камсыз болушу зарыл, бирок ал жетиштүү эмес. Окутуунун азыркы кездеги максаты материалды өздөштүрүүнүн 3-деңгээлине жетишүүнү камсыз кылууда, б. а. окуучулардын алган Б-дерин чыг-лык м-н пайдаланууга даярдоодо турат.
И. Бекбоев.