БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ – белгилүү бир мезгилге эсептелген билим берүү тармагынын келечегин айкындап көрсөтүүчү мамл. нормативдик документ. Ал өзүнө кандайдыр бир максат коюп, ошол максатка жетүүнүн ресурстарын, мөөнөтүн, аткаруучуларын ж-а аткаруу жолун аныктайт. Программаны түзүү ж-а аткаруу бир нече этаптардан турат: маалыматтарды топтоо – аны иштеп чыгуу – анализ – прогноз – милдеттер – пландар – ишке ашыруу – текшерүү. Ал эми мөөнөтү кыска (оперативдүү) – 1 жылга жетпеген; утурумдук – 1–2 жылдык; орто мөөнөттүү – 3 жылдан 5 жылга чейин; перспективалуу (стратегиялык) – 5 жылдан 10 жылга чейин болушу мүмкүн. Кырг-нда улуттук билим программалары («Жеткинчек», «Билим», «XXI кылымдын кадрлары») иштелип чыккан. Аларда өлкөнүн билим берүү тармагынын стратегиясы, эртеңки күндүн негизги багыттары, бул же тигил иш-чараны аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Б. б. п. окумуштуулар, алдыңкы көзкараштагы педагогдор, методисттер ж. б. бул ишке тиешеси бар адамдар тарабынан иштелип чыгат ж-а ал жалпы элдик талкуудан кийин мамлекет жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүштүрүлөт. О. эле ар бир билим берүү мекемесинин өз Б. б. п. болот.
А. Муратов.