БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МОНИТОРИНГ
БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МОНИТОРИ́НГ – мезгилмезгили м-н жүргүзүлүп туруучу контроль. Ал билимдин сапатын текшерүү, изилдөө максатында билим берүү системасына башкаруучулар тарабынан каралат. Мындай мониторингдин негизинде билим берүү мекемелеринин билим берүү иш сапаты, билимдин мамл. стандартка жооп бериши ж-дө маалыматтар топтолот. О. эле контролдоо айрым бир окутуучунун ишинин сапатын ж-а натыйжалуулугун аныктоо үчүн да колдонулат.