БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫ – коом тарабынан ар бир жаран гарантия­лана турган билимдүүлүктүн мамл. нормасы. Мындай норма окуучулардын билим деңгээлин өлкөнүн ичинде ж-а андан тышкары жерде са­лыштырып баалоого мүмкүндүк берет. Б. б. м. с. билимдүүлүктүн деңгээли м-н аныкталат. Би­лимдүүлүктүн деңгээлин сандык көрсөткүчтөр м-н баалоого болбойт. Билим деңгээли адамдын практикада активдүү ойлоно билгичтиги ж-а ишмердүүлүк жөндөмү, б. а. анын эмнени иш­тей ала тургандыгын ж-а татаал маселелерди чечүүдө эмнеге жөндөмү бар экендигин анык­тайт. Аны туура аныктоо кеминде төмөнкү­дөй талапты камсыз кылууну милдеттендирет: 1) билим берүүнүн мазмуну бүткүл адамзаттык баалуулуктарды камтуусу керек, ансыз жалпы кабылдануучулук болбойт; 2) этникалык, улут­тук жерг. материалдар максималдуу камтылуусу керек; 3) окуу материалы окуучуларга жетки­ликтүү болууга тийиш.