БИЛЬБАО
БИЛЬБА́О – Испаниянын түндүгүндөгү порт шаар. Атлантика океанынын Бискайя булуңунун жээгинде, Нервьон д-нын төмөнкү агымында жайгашкан. Б. Баск өлкөсүнүн ж-а Бискайя провинциясынын адм. борбору. Калкы 352,3 миң (2004). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Кара металлургия, оор машина куруу, хим., нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, айнек, кагаз өнөржайлары, музей, ун-т иштейт. Готика стилиндеги сепил (14-к.), «модерн» стилиндеги ратуша (1890, арх. Руков) сакталган. 1300-ж. негизделген.