БИОГАЗ
БИОГА́З – орг. калдыктардын (кыктын, өсүмдүктүн) абасыз чөйрөдө микроорганизмдердин аракетинин натыйжасында ачып-кычуусунан пайда болгон күйүүчү газ. Анын курамы метандан (65%), көмүр кычкыл газынан (30%), күкүрттүү суутектен (1%) ж-а көмүртектен (1%) турат. Биогаз күйгөндө жыты жок көк түстөгү жалын пайда болот. Көпчүлүк түштък өлкөлөрдө (Кытай, Индия) аны мал кыгынан ж-а өсүмдүк калдыктарынан (саман, кызылча жому ж. б.) абасыз жерде алуу ж-а отун катары пайдалануу кеңири өнүккөн.