БИОГЕОХИМИЯ
БИОГЕОХИ́МИЯ – геохимиянын бир бөлүгү. Б. организмдин хим. курамын ж-а хим. элементтердин жер бетине таралышына ж-а топтолуусуна тирүү заттардын катышын изилдейт. Организмдер жашоо тиричилигинде түрлүү хим. элементтерди өзүнө сиңирет, кийин алар ажырап, бөлүнүп чыгат да, бир жерге чогулат же чачырап кетет. Б. процесстеринин өөрчүшүндө организмдин көбөйүү ылдамдыгы чоң мааниге ээ. Бул өзгөчө жөнөкөй түзүлүштөгү өтө тез көбөйө турган организмдерге (бактериялар, козугарындар, балырлар) тиешелүү. Тирүү организмдин курамына бизге белгилүү хим. элементтердин дээрлик баары ж-а алардын изотоптору кирет. Көбүнчө организмдердин тиги же бул түрү белгилүү гана хим. элементтерди өзүнө топтойт, б. а. организмдин хим. курамы белгилүү бир түр үчүн мүнөздүү белги болуп саналат.
Ад.: Ковальский В. В. Геохимическая среда и жизнь. М., 1982.