БИОКОММУНИКАЦИЯ
БИОКОММУНИКА́ЦИЯ (б ио ... ж-а л ат . communico – байланышам, мамилелешем) – жандыктардын бир же ар кандай түрлөрүнүн бири-бири м-н өз ара байланышы. Организмдердин ортосунда белгилерди билдирүү же аларды кабыл алуу өзүнө ылайыктуу байланыш каналдары – химиялык, акустикалык ж. б. жолдор м-н ишке ашат. Ар кандай каналдар м-н берилген информацияны нерв системасы кайрадан иштеп чыгып, организмде жооп кайтаруу реакциясы калыптанат. Тигил же бул байланыштын мааниси алардын жашаган чөйрөсүнө байланыштуу болуп, бардык түрлөр үчүн бирдей эмес. Химиялык байланыш эң байыркы ж-а бир кыйла кеңири таралган. Жаныбарлардын бездери бөлүп чыгарган ар кандай заттар ж-а зат алмашуунун кээ бир продуктулары экинчи бир жаныбарлардын хеморецепторлоруна таасир этип, алардын өсүүсүн, өнүгүүсүн ж-а көбөйүүсүн жөнгө салып, ошондой эле белгилүү жүрүм-турумду камсыз кылат. Курт-кумурскалардын жүрүм-турумунда биокоммункациянын мааниси чоң. Балыктар, жерде-сууда жашоочулар ж-а сүт эмүүчүлөр өз түрүнүн ж. б. түрлөрдүн жытын абдан жакшы сезип, өзүнөн жат жандыкты айырмалоого мүмкүндүк берет. Минога, миксин ж-а кээ бир балыктардын электр талаасын пайда кылуусу биргелешип азыгын издөөгө жардам берет. Ал эми электрдик касиети жок балыктар үйүрүндө жалпы электр талаасын пайда кылып, айрым особдордун жүрүм-турумун координациялайт. Акустикалык мамиле муунак буттууларда ж-а омурткалууларда жакшы өөрчүгөн. Үн аркылуу байланышуунун өөрчүшү башка байланыштардын өөрчүшүнө байланыштуу. Мисалы, жапайы канаттууларда (ачык, кооз эмес) акустикалык үн чыгаруу деңгээли абдан күчтүү. Ал эми түсү кооз ар кандай ритуалдык оюндарды демонстрациялоого жөндөмдүү канаттууларда үн байланышы начар өөрчүгөн. Татаал, ар кандай үн чыгаруу көбөйүү мезгилинде түгөйүн табууга мүмкүндүк берет. Ар бир түр өз жүрүм-турумуна жараша ар түрдүү үн чыгарат.
Ад.: Экология, структура копуляций и внутривидовые комуникативные процессы у млекопитающих, М., 1981.
Д. Акматова.