БИРДИК (Тогуз-Торо районундагы кыштак)
БИРДИК – Жалал Абад облусунун Тогуз Торо районундагы кыштак. Көгирим айыл өкмөтүнө караштуу. Көгирим суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгэлинен 1345 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 21 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 431 км. Калкы 1390 (2022); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Б. Турдубаева туулган.