БИРИНЧИ ИМПЕРИЯ
БИРИНЧИ ИМПЕ́РИЯ – Францияда Консулдук башкаруудан (1799–1804) кийинки Наполеон I башкарган (1804–14 ж-а 1815) ири мамлекет. Консулдук режимдей эле Б. и. мезгилинде империялык бийлик Француз рев-ясынын жеӊип алууларын жойгонго аракеттенген, бирок анын натыйжасында пайда болгон бурж. түзүлүштү бекемдеп, аскердик диктатураны орнот-
кон. Б. и. кыйрагандан кийин Францияда Бурбондордун монархиясы калыбына келтирилген.