БИРМИНГЕМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́РМИНГЕМ – Улуу Британиядагы шаар (адм. округ), Уэст-Мидлендс метрополитен графтыгынын адм. борбору. Калкы 984 миӊ (2005). Өлкөдө элинин саны б-ча 2-орунда (Лондондон кийин). Тегерегиндеги «Каралар өлкөсү» деп аталган шаар м-н кошо өнөржайлуу Уэст-Мидлендс конурбациясын түзөт. Өлкөдөгү оор өнөржайынын башкы борборлорунун бири. Автомобиль, самолёт куруу, электр-тех., станок куруу, металл иштетүү, түстүү металлургия, резина өнөржайы өнүккөн. Шаарга жакын көмүр бассейни жайгашкан; ун-т бар. Готика стилиндеги чиркөө (13-к.), классицизм стилиндеги собор ж-а ратуша (18–19-к.) сакталган. Б. з. 1-к-нда негизделген.