БЛАГОВЕЩЕНСК
БЛАГОВЕ́ЩЕНСК – Россия Федерациясындагы шаар (1858-жылдан). Амур облусунун административдик борбору. Амур дарыясына Зея дарыясы куйган жердеги порт. Темир жол бекети. Калкы 217,7 миӊ (2005). Машина куруу (тоо кен ж-а алтын өнөр жайы үчүн жабдуу, кеме куруу ж. б. заводдор, электр приборлор өндүрүшү), жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы, 4 ЖОЖ, 2 театр, край таануу музейи бар. 1856-жылы Усть-Зейский аскер порту катары негизделген.