БЛАНТАЙР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 13 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАНТА́ЙР (Blanture), Б л а н т а й р Л и м б е – Малави мамлекетинин түштүгүндөгү шаар. Түштүк районунун борбору. Калкы 585 миӊ (2005); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Лилонгве шаарынан кийинки 2-шаар. Шире тайпак тоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому ж-а темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. 1876-жылы шотландиялык миссионерлер тарабынан негизделип, саякатчы Д. Ливингстон жашаган шаардын атынан коюлган. 1895-жылы шаар статусун алган. Малави университетинин политехникалык ж-а медициналык коллеждери, улуттук музей (1959) бар. Блантайр– өлкөнүн экономикалык, соода ж-а өнөр жай борбору. Тамак-аш, жеӊил, химия, металл иштетүүчү өнөр жайы иштейт. Айыл чарба сырьёлору иштетилет. Тактай тилинет.