БЛОКАДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛОКА́ДА (англ. blockade – камалоо) – 1) кандайдыр бир талаптарды аткарууга мажбурлоо максатында камалоого алынган мамлекетти курчоого алуу ж-а тышкы байланыштарын үзгүлтүккө учуратууга багытталган саясий ж-а экон. мүнөздөгү иш-чаралардын системасы. 2) Согуштук Б. – объектти (аскерлер тобун, шаар, мамлекетти ж. б.) кургактыктагы, аба ж-а деӊиз байланышын үзгүлтүккө учуратуу аркылуу камалоого алуу. Б-нын максаты – камалоого алынган объектти алсыратып, багынып берүүгө мажбурлоо, жоолашкан мамлекеттин аскердикэкон. кубаттуулугун начарлатуу болуп саналат.