ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ – организм ж-а айлана-чөйрөнүн жылуулук продукциясы м-н жылуулук алмашуу балансын чагылдыруучу комплекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойхилотермдүү) жаныбарлардын Д. т. чөйрөнүн темп-расына жараша өзгөрүп турат. Жылуу кандуу (гомойотермдүү) жаныбарларда жылуулук продукциясы ж-а жылуулук берүү ургаалдуулугун аныктоосу жылуулукту жөнгө салуучу механизми м-н туруктуу (38–40–42°С) кармалып турат. Д. т. тиричиликке жараша өзгөрүп (0,5–2°С) турат (тынч абалда же уктаганда Д. т. төмөндөйт, кара жумушта көтөрүлөт). Д. т. организмдин ички чөйрөсүнүн ж-а терисинин темп-расы болуп айырмаланат. Ички органдардын темп-расы
аларда болуучу биохим. процесстердин ургаалдуулугуна жараша ар түрдүү болуп, териникинен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө да ар кандай. Д. т. чөйрө темп-расына, нымдуулугуна, кыймылга, кийимге, теринин тазалыгына ж. б. жараша болот. Улгайган ж-а карыган кишилердин Д. т. орто жаштагыларга салыштырганда бир аз төмөн. Кичине балдардыкы ар кандай абалда өзгөрүп турат. Ал түрдүү ооруларда ж-а жылуулукту жөнгө салуу бузулганда өзгөрүлөт. Көпчүлүк сезгенүү ж-а жугуштуу ооруларда жогорулайт. Д. т-нын төмөндөшү уулануу, кома ж. б-да байкалат.