ДЕӉГЕНЕ
ДЕӉГЕНЕ – бир нече адам бычылган баасына жандык алып, чогуу тамактануу жөрөлгөсү. Жамааттык мамилелер өкүм сүрүп турганда пайда болсо керек. Д-ге эркектер гана катышып, шарт б-ча ортого кой, эчки, торпок чыгарып союп жешкен. Д-нин катышуучулары малдын баасын теӊ төлөп беришкен. Кийинчерээк, союлган этти бирдей өлчөмдө бөлүп алышкан.