ДЕӉИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ – Дүйнөлүк океандын аралдардын тиз­меги же суу астындагы көтөрүӊкү рельеф аркы­луу бөлүнүп, океан мейкиндигинен негизинен гидрол., метеорол. ж-а климаттык режимдери м-н айырмаланган бөлүгү. Д-дердин мындай өзгөчөлүктөрү алардын океандардын чет-жака­ларында жайгашуусу (мында кургактык кый-


ла таасирин тийгизет) ж-а алардын океан мей­киндиктери м-н байланышынын чектелиши (суу алмашуу жай жүрөт) м-н байланыштуу; б. а. Д. кургактык м-н канчалык курчалса, ошончолук океандан айырмаланып турат. Кээ­де океандын ачык мейкиндиктери да шарттуу Д. деп аталат, мис., Атлантика океанындагы Саргасс деӊизи (ал калкыма балырлардын көптү­гү м-н өзгөчөлөнөт), Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү Филиппин Д-и. Айрым туюк көлдөр (мис., Каспий, Арал, Жансыз Д-дер) да Д. де­лет. Д-дердей зор аянтты ээлеген, режими б-ча Д-ден айырмасы жок океандын кээ бир бөлүк- төрү булуӊ деп аталат (мис., Мексика, Гудзон, Бенгал, Гвинея ж. б. булуӊдар). Жайгашуу аба­лына ж-а гидрол. режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички (Кара, Балтика), четки (Баренц, Лаптевдер, Беллинсгаузен), аралдар (Ява, Бан­да, Сулавеси) ж-а материктер арасындагы (Жер ортолук, Кызыл) болуп бөлүнөт. Геол. Жактан азыркы түзүлүшүнө жакын палеоген-неогенде, азыркы турпатында антропогенде биротоло ка­лыптанган. Эӊ тереӊ Д-дер (мис., Жер ортолук деӊиз) жер кыртышынын ири жаракалаларынын ордунда пайда болгон. Тайыз Д-дер адатта мате­риктик тайыздыктарда жайгашып (к. Шельф), материктердин чет-жакаларынын төмөн чөгүп, океан суусу каптап калышынан же океан деӊ- гээлинин көтөрүлүшүнөн пайда болот.
Геогр. абалына жараша айрым Д-дер океан­дын ачык бөлүгүнө караганда түбүнөн бетине чейин жылуу болот (мис., Кызыл деӊиз), ал эми кээ бири тескерисинче, муздак болот (мис., Охота деӊизи). Кургактык аркылуу бөлүнүп жатышына жараша Д-дерде континенттик түрдүү климат өкүм сүрөт. Дүйнөлүк океандын ту здуулугунун эӊ жогорку (Кызыл деӊизде – 41,5‰) ж-а эӊ төмөнкү (Балтика деӊизинде 6,0–8 ,0‰) көрсөткүчтөрү да Д-дерде. Д-дин үстүндө циклон шамалдарынын үстөмдүгүнөн улам циклондук агымдар басымдуулук кылат. Океандарга са­лыштырмалуу Д-дин орг. дүйнөсү көп түрдүүлүгү ж-а эндемиктердин арбындыгы м-н өзгөчөлөнөт. Ө. Бараталиев.