ДЕПАРТАМЕНТ
ДЕПАРТА́МЕНТ – 1) Франция, Кот-д’Ивуар, Боливия, Гаити, Гватемала, Гондурас, Колумбия, Никарагуа, Парагвай, Перу, Сальвадор, Уругвай мамлекеттериндеги негизги адм.-айм. бирдик. Д-тин жерг. башкаруу органы Генералдык кеӊеш ж-а ал аркылуу шайланган комиссия болот. Д-теги жогорку бийликтин өкүлү префект болот; 2) АКШ, Швейцария ж. б. өлкөлөрдө министрликтердин аталышы.