ДЕПОЗИТ БАНКЫ
ДЕПОЗИ́Т БАНКЫ (англ. deposit bank‚ bank of deposit) – калктан салымдарды кабыл алуучу банк. Д. б. негизинен жеке адамдардын‚ ишканалардын‚ мамл. уюмдардын убактылуу бош акча каражаттарын тартууга‚ анын эсебинен узак эмес мөөнөткө (адатта 3–6 айга) ссуда берүүгө адистештирилген‚ о. эле эсеп операцияларында кыска мөөнөттүү коммерциялык векселдер м-н ар түрдүү ишеним операцияларын да ишке ашыра алат.