ДЕПРЕССИЯ 1
ДЕПРЕ́ССИЯ 1 , 1) г е о м о р ф о л о г и я д а – жер бетиндеги пас жерлер, б. а. деӊиз деӊг. төмөн жаткан ойдуӊдар ж-а чуӊкурлар. Мис., кургактагы Турпан ойдуӊу, сууга толгону – Каспий деӊизинин чанагы; 2) т е к т о н и к а д а – жер кыртышынын чөкмө тектер м-н толук же жарым – жартылай толгон, төмөн ийилген бөлүгү (мис., Алай ж-а Нарын өрөөндөрү), к. Чуӊкурдук; 3) м е т е о р о л о г и я д а – атмосферанын төмөнкү басымдуу облусу – циклон, бар Д-сы; 4) г л я ц и о л о г и я д а – тоолордо климаттын суук болуп турган маалындагы (жайкы же жылдык орт. темп-ранын төмөндөшүнөн, о. эле кардын өлчөмүнөн көбөйүшүнөн) кар чегинин ылдыйлашы.