ДЕРАТИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРАТИЗА́ЦИЯ (лат. de – жоюу, четтетүү ж-а фр. rat – келемиш) – жугуштуу оору, ылаӊ пайда кылуучу же таратуучу, о. эле экон. жактан зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү (келемиш, чычкан) жок кылуу чаралары. Ага хим., мех. ж-а биол. ыкма м-н жок кылуу, таштандыларды жыйноо, тазалоо кирет. Д. турак үйлөрдө, кампа, тегир­мен, мал сарай, кеме, самолёт, жашылча сак­тагыч, күнөскана ж. б-да жүргүзүлөт. Алдын алуучу ж-а жок кылуучу Д. болуп бөлүнөт. Алдын алуучу Д-да кампанын пайдубалы бе­тон, таш же кыштан бийик салынат; келемиш­тин азыгы м-н ийини жок кылынат; терезе, эшик­тери бүтөлөт. Жок кылуучу Д-да келемиштерге каршы мех., хим. ж-а бактериол. ыкмалар кол­донулат. Мех. ыкмада капкан ж-а кармагычтар, ал эми, хим. ыкмада ууланган заттар колдону­лат, келемиштердин ийинине уу (кан антикоа­гулянттары, ратиндан, зоокумарин ж. б.) чачы­лат. Бактериол. ыкмада келемиштерге каршы бактериялуу заттар коюлат. Аны эпидемиол. станциялар, вет. адистер жүргүзөт.