ДЕТЕКТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕ́КТОР (лат. detector – ачуучу) р а д и о­т е х н и к а д а – радио уктургуч, байланыш­тыргыч, телекөрсөткүч, кабыл алгычтарда, өлчөгүч ж. б. приборлордо электр термелүүлөрүн өзгөртүүчү түзүлүш. Д. амплитудалык, жыштык ж-а фазалуу болуп бөлүнөт. А м п л и т у д а­л ы к Д-до жогорку жыштыктагы амплитуда­луу өзгөрүлмө термелүүнү Д-лоо үчүн электр өткөрүүчү элемент катары жарым өткөргүчтүү диод колдонулат. Мында термелүүнүн өзгөрүлмө­лүү чыӊалуусу конденсатордон, диоддон ж-а ре­зистордон түзүлгөн электр тизмегине аракет кылат. Диод бир тарапка өткөргөндүктөн, тиз­мекте жогорку жыштыктуу импульс түрүндөгү электр тогу пайда болот. Ток резистордун учта­рында чыӊалууну пайда кылат да, чыӊалуу­нун амплитудасы өзгөрөт. Ж ы ш т ы к ж-а ф а з а л у у Д-до жыштыгы ж-а фазасы б-ча өзгөрүлмө термелүүлөр адегенде амплитудасы б-ча өзгөрүлмө термелүүгө айландырылат да, андан кийин амплитудалык Д. м-н өзгөртүлөт. Д-дун жылуулук, радиоактивдүү нурланууну та­буучу элементардык бөлүкчөлөрдү каттоочу, калп кармоочу ж. б. түрлөрү бар.