ДЕТЕКТОРЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕКТОРЛОО , д е м о д у л д а ш т ы р у у (лат. detectio – ачуу, табуу) – төмөнкү жыш­тыктагы сигналды бөлүп алуу үчүн модулдаш­тырылган термелүүлөрдү кайра өзгөртүү. Д. – термелүүлөрдү модулдаштырууга тескери про­цесс. Д. термелүү жыштыгын кайра өзгөртүүгө байланыштуу болгондуктан, аны жүзөгө ашы­рууда сызыктуу эмес элементтер – вакуумдук ж-а жарым өткөргүчтүү диод, транзистор, эбе­гейсиз өткөргүчтүү туннелдик өтүштөр колдону­лат. Бул кубулушка негизделген түзүлүштөр детектор деп аталат.